Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

Пакистан: оппозиция премьерди кетирген сот чечимин кубаттады


Наваз Шариф
Наваз Шариф

Пакистанда оппозициячыл партиялар премьер-министр Наваз Шарифти кызматтан кетүүгө буюрган Жогорку Соттун чечимин кубаттап чыгышты. Өкмөттү сынга алып келген “Техрик-е Инсаф” партиясынын мүчөсү Фавад Чаудри өкмөт башчы иштен кеткенин чоң жеңиш катары мүнөздөдү:

“Пакистандын соттору премьер-министрди жоопко тартышты. Премьер-министр Наваз Шарифке кызматта турган учурда анын жана балдарынын активдери кандайча миллион жолу көбөйгөн деген суроо коюлган болчу. Бүгүн Пакистанда жеңиш күнү”,-деди Фауад Чаудри.

Иликтөөчүлөр тобу Шарифтин үй-бүлөсү офшордук компанияларда миллиондогон доллардык байлыгын каткан деген бүтүмгө келишкен. Жогорку Соттун 28-июлдагы чечиминен көп өтпөй Наваз Шариф кызматын тапшырды.

Анын билдирүүсүн окуган басма сөз катчысы Шариф чечимди акыйкатсыз деп эсептерин, сот жараяны тууралуу айта турган олуттуу эскертүүлөрү бар экенин, ага карабай сот бийлигине жана мыйзам үстөмдүгүнө сый-урматынан улам артка чегингенин белгиледи.

Пакистанда 1947-жылдан бери бир дагы премьер-министр мөөнөтүнүн акырына чейин иштей элек.

XS
SM
MD
LG