Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:42

Шайлоо-2017: БШКга арыз тапшыргандардын саны 48ге жетти


Борбордук шайлоо комиссиясына дагы эки киши президенттик кызматка талапкер катары арызын тапшырды. Алардын бири 1960-жылы туулган, убактылуу иштебеген Темиркул Өмүралиев. Ал 2011-жылдагы президенттик шайлоого катышкан.

Мындан сырткары “Кыргызстандын өнөр-жай, айыл чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоо” партиясынын лидери, КМШ, Балтия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн ишкерлеринин жана өнөр жай кызматкерлеринин эл аралык конгрессинин вице-президенти Акбаралы Айтикеевден арыз түштү. БШКга арыз жазган эки жаран тең шайлоого өзүн өзү көрсөтүү жолу менен катышат.

Айтикеев буга чейинки, 2005, 2009 жана 2011-жылдагы президенттик шайлоолорго талапкер катары катышкан.

28-июлга карата алдыдагы саясий жарышка аттануу ниетин билдирип, БШКга кайрылгандардын саны 48ге жетти. Анын отуз жетиси өзүн өзү көрсөткөн, калганын саясий партиялар сунуштаган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG