Мындай маалыматты өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынан “Азаттык” радиосуна билдиришти. Июль айынын башынан бери облус аймагында беш киши сууга чөгүп каза тапса, бир киши куткарылган. Адистер кырсык негизинен кооптуу аймактарда, түн ичинде же коопсуздук эрежелерин сактабагандан болгонун белгилеп жатышат.
Баткенде жыл башынан бери сегиз киши сууга чөгүп каза болгон. Анын төртөө акыркы он күн ичинде катталган.
Жыл башынан бери Кыргызстанда сууга чөгүп каза болгондордун саны жүзгө жетти. Мунун жарымынан көбү жайкы эс алуу учуруна туш келет. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшкөндө өтө кылдат болууну тургундарга байма-бай эскертүүдө. (JsA)