Сейсмология институтунун маалыматына караганда, бүгүн саат 11:33 чамасында Нарын облусунун Жумгал районунун аймагында жер силкинүү катталды. Анын күчү очогунда төрт баллга жеткен.
Жер титирөө Жумгал районунун Лама, Жумгал айылында төрт балл, Кызарт, Таш-Дөбө, Чоң-Дөбө, Жаңы-Арык айылдарында 3,5 балл, Куйручук, Баш-Кууганды, Кызыл-Туу, Кызыл-Эмгек, Түгөл-Сай айылдарында үч балл, Чаек, Байзак, Кочкор районунун Кара-Мойнок, Кызыл-Дөбө, Мантыш айылдарында үч балл, Чолпон, Ортокто 2,5 балл сезилген. Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. (КЕ)