Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:12

Казакстанда 500 гектар талаа күйүп жатат


Казакстандын чыгышындагы бир катар райондордо талаа күйүп жатат. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар департаменти өрт өчүрүү кызматы үч күндөн бери тилсиз жоо менен алышып жатканын билдирди. Өрттүн чыгышына этиятсыз мамиле жана аномалдык ысык аба ырайы себеп болгону айтылган.

Маалыматка караганда, Казакстандын чыгышындагы Улан, Аягоз, Жармин, Курчум райондорундагы жалпысынан 500дөн ашуун гектардай талаа өрттөнүп жатат. Департамент калктуу аймактарга коркунучу жок экенин билдирди. Тилсиз жоону өчүрүүгө жүздөн ашуун киши, өрт өчүрүүчүлөр жана жергиликтүү тургундар тартылды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG