Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:19

Москва жаңы санкцияларга байланыштуу АКШга жооп кайтарды


Сергей Лавров
Сергей Лавров

“Москва Конгресстин жаңы санкциялар тууралуу мыйзамына жооп кайтарууга аргасыз, бирок Вашингтон менен мамилени жакшыртууга, эл аралык маанилүү маселелер багытында кызматташууга дале болсо даяр”.

Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 28-июлда АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен телефондон сүйлөшкөн учурда билдирди. Орусиянын тышкы иштер министрлиги кызматташуу эки тараптын кызыкчылыгы тең каралган, баланс сакталган учурда гана ишке ашарын белгилеген.

Буга чейин Орусия Американын дипломатиялык өкүлдөрүнүн санын кыскартууну талап кылып, санкция тууралуу мыйзамга жооп катары АКШнын Москвадагы элчилигинин дача жана кампа имаратын тартып аларын эскерткен.

АКШ президенти Дональд Трамп Орусия, Иран жана Түндүк Кореяга каршы жаңы санкцияларды киргизген мыйзам долбоорго кол коюусу күтүлүп жатканы кабарланган. Бул мыйзам долбоорду бейшемби күнү, 27-июлда Кошмо Штаттардын Сенаты дээрлик бир добуштан колдоп, президентке кол коюуга жөнөткөн.

Бул мыйзам президент Дональд Трамптын кайсы бир санкцияны токтотуу же жеңилдетүү укугун да чектейт. Ал үчүн президент өз чечимин Конгресске негиздеп бериши керек. Мыйзам долбоорунда орусиялык энергетикалык компаниялар, долбоорлор менен иштешкен тараптарга да чаралар көрүлөт деп турат.

Орус расмийлери жаңы санкцияларды президент Трамптын Орусия менен алаканы оңдоо аракетине залакасын тийгизген жана эки тараптуу алаканы ого бетер начарлаткан аракет деп мүнөздөшкөн. Иран да АКШ конгрессмендеринин санкцияларын кескин сындап чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG