Ош шаарында 29-июль күнү Search for Common Grounds уюмунун демилгеси жана Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтыкты куруу программасынын алкагында жаш лидерлер менен жергиликтүү жаштардын “устат-шакирт” долбоору башталды.
Парламент депутаттары Жанар Акаев, Аида Касмалиева, машыктыруучу Бахадыр Кочкаров баштаган 68 аты таанымал адамдардын ичинен устат тандоо боюнча онлайн добуш берүү жүрүп, 22си жаштар тарабынан тандалып алынганын Search for Common Grounds уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси Кеңешбек Сайназаров “Азаттыкка” билдирди.
Тандалып алынган “селфмейд” лидерлер Кыргызстандын 27 айылындагы жаштар арасынан өзүнө шакирт таап, аларга социалдык, спорт, саясат багытында жол көрсөтүп, радикалдашууну позитивдүү нукка буруу аракети жүрөт.
Бул долбоор жаштардын радикалдык терс жолго түшүүсүнүн алдын алуу максатында бир жылдык мөөнөт менен ишке ашат. Жалпы жонунан 162 улан-кыз лидерлерден сабак алышат. (BCh)