Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Коалиция Жээнбековго байланыштуу БШКга кайрылды


Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы Кыргызстан социал-демократтар партиясынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Бул маалымат БШКнын расмий сайтына илинди. Анда премьер-министр Жээнбековдун кызмат абалынан пайдаланып жатканы тууралуу белгиленип, аны БШК жыйынында кароо талабы айтылат. Жарандык активисттер өкмөт башчынын жер-жерлерди кыдырып өзүнүн иши тууралуу кеңири маалымат беришин үгүт катары эсептеп, шайлоо мыйзамдары бузулууда деп санашууда.

Сооронбай Жээнбековду КСДП 15-июлдагы курултайында президенттикке талапкер катары расмий көрсөткөн.

Жээнбеков талапкер катары расмий катталган соң премьер-министрлик кызматын толугу менен тапшырып бериши керек же үгүт маалында убактылуу токтотушу зарыл

Ал эми шайлоо алдындагы расмий үгүт иштери 10-сентябрда башталат.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG