Австралиянын контртеррористтик полициясы учакты жардыруу боюнча алдын ала кутумдун бетин ачты. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министр Малкольм Тернбулл билдирди. Ал бул иш атайын операциянын негизинде ишке ашканын айтты. Австралиянын бардык аэропортторунда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Өлкөнүн федералдык полициясынын комиссары Эндрю Колвин Сиднейде бул ишке байланыштуу төрт шектүү кармалганын, алардын “исламчыл” кутумчулар менен байланышы бар экенин айтты. Анын белгилешинче, кармалган адамдар колго жасалган жардыргыч затты колдонуп террористтик акт жасоону пландашкан. (КЕ)