Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Өзбекстанда ишкерлердин укугун коргоочу өкүл дайындалды


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 28-июлдагы буйругу менен Дилмурод Касимовду өзүнүн ишкерлердин укугун жана ишкерлик субъекттердин мыйзамдагы кызыкчылыгын коргой турган өкүлү кылып дайындады. Касимов буга чейин Самарканд облусунун прокурорунун орун басары болуп иштеген. Бул тууралуу Gazeta.uz. басылмасы жазды.

Ишкерлердин укугун коргой турган институт мамлекет башчынын жарлыгы менен ушул жылдын май айында түзүлгөн. Ал менчикке кол тийбестик механизмдерин бекемдөө, башка мамлекеттик органдардын бизнести жөнү жок текшерүүсүн алдын алуу, ишкерликтин негизги багыттарындагы принциптерди камсыз кылуу багытында иш алып барат. Бул орган мамлекет башчынын көзөмөлүндө болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG