Тайвандагы “Несат” тайфунунан жабыркагандардын саны 103кө жетти. Бул тууралуу бүгүн жергиликтүү маалымат каражаттары жазды. Куткаруу кызматы жабыркагандардын көбү жол кырсыгына кабылганын же бир нерсе кулап басып калганын билдирүүдө. Катуу жааган жаандан улам бир катар шаарларда сел жүрдү. Тайвандын түштүгүндөгү Пинтун аймагында бир нече шаарды суу каптады. Бул аймакта толкундун бийиктиги 15 метрге, шамалдын ылдамдыгы саатына 173 чакырымга жеткен. Мындан улам ондогон жолдор жабылып, поезд, 300дөн ашуун ички жана эл аралык аба каттамдар токтотулду. 10 миңден ашуун киши убактылуу коопсуз жайга көчүрүлүп, ишембиде дээрлик 500 миң үй жарыксыз калды. Бүгүн 140 миңдей чарбага дагы деле жарык бериле электиги кабарланды. (КЕ)