2017-жылдын октябрь айынды Кыргызстанга француз ишкерлеринин тобу келет. Бул тууралуу Франциянын сенатору, “Франция - Борбор Азия” парламенттер аралык достук тобунун төрагасы Ив Поццо ди Борго Кыргызстандын вице-премьер-министри Олег Панкратов менен жолуккан учурда билдирди.
Панкратов Кыргызстан бул өлкө менен менен соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, Франция өзгөчө өнөктөш экенин кошумчалады. Эки тарап тең ишкерлер, ири компания жетекчилеринин Кыргызстанга сапары учурунда конкреттүү келишимдерге жетишилет деген үмүттө экендиктерин билдиришти. (КЕ)