Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке талапкер болуу үчүн арызын тапшырды. Бул тууралуу БШКдан кабарлады. Ал шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катышат.
30-июлга карата Борбордук шайлоо комиссиясына саясий жарышка катышуу үчүн арыз тапшыргандардын саны 52ге жетти. 42 жаран өзүн-өзү көрсөтсө, калганын саясий партиялар сунуштаган.
Шайлоо мыйзамына ылайык, президенттикке көрсөтүлгөн жаран 30 миңден кем эмес жарандын колун топтоп, 1 миллион сомдук шайлоо күрөөсүн төлөп, шайлоо фондун ачып жана мамлекеттик тилди билгени боюнча тест тапшырышы керек. Мындан соң БШК аны президенттикке талапкер катары каттайт.
БШК талапкерлердин арызын 1-августка чейин кабыл алат. Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. (КЕ)