Сирияда Russia Today каналынын бир журналисти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун артиллериялык аткылоосунан мерт кетти. Бул тууралуу орус өкмөтү каржылаган эл аралык медиа мекеме 30-июлда кабарлады.
Маалыматка ылайык, 25 жаштагы Халед Алхатеб Хомс провинциясынын Сухна шаарчасына жакын жерде Сирия армиясынын согушкерлер тобуна каршы операциясын чагылдырып жүргөндө аткылоого кабылган. Журналист менен иштеп жаткан оператор майда жаракат алып, Хомстогу ооруканага жеткирилди.
Маркум журналист RT каналынын араб кызматында жакындан бери эле иштеп жаткан.
Сирияда алты жылдан ашкан жарандык согушта Орусия президент Башар Асаддын өкмөтүн колдоп келет.