Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:29

Кишинёвдо шайлоо мыйзамына каршы жүрүш өттү


Кишинёвдогу демонстрация
Кишинёвдогу демонстрация

Молдова парламенти шайлоо системасына талаштуу өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин жүздөгөн адам 30-июлда баш калаа Кишинёвдо көчөгө чыгышты. Евробиримдиктин жана Молдованын желектерин көтөргөн демонстранттар парламент имаратынын алдына чогулуп: “Уурулар! Диктаторлук жоголсун!”,-деп кыйкырып жатышты.

Эл өкүлдөрү 27-июлда жактырган өзгөртүүлөргө ылайык, саясий бирикмелер үчүн парламентте мандат алууга керек болгон босого чек азаят. Ошондой эле жаңы шайлоо округдары түзүлөт.

Оппозиция бул өзгөртүүлөр майда партияларды обочодо калтырып, өлкөдөгү эки ири партияга гана пайда алып келерин айтып жатышат.

Молдовада кийинки парламенттик шайлоо 2018-жылы өтөт.

XS
SM
MD
LG