Бүгүн "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин жана аны менен кошо айыпталып кармалган мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланат.
28-июлда ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулунун чечими менен Текебаев-Чотоновдун иши боюнча териштирүү жадыбалына өзгөртүү киргизилип, дүйшөмбүдөн тартып карала турган болду. Буга чейин жараян ар аптанын шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү өтүп келген.
Соттун мындай чечимине Текебаев менен Чотоновдун адвокаттары нааразылык билдиришип, судья шашып жатканын айтышкан. Бирок сот муну четке кагып, адвокаттар ишти создуктуруу аракетин көрүп жатат деп белгилеген.
Жараянда тараптар материалдарды изилдеп жатышат. Текебаев менен Чотонов коррупция боюнча айыпталууда. (NT)