Бүгүн Ош шаарында адам сатууга каршы 100 күндүк акция башталууда. Бул тууралуу Ош облустук мамлекеттик администрациясынын маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов кабарлады.
Шаардын борбордук аянтында старт ала турган иш-чарага жергиликтүү бийлик, бейөкмөт уюмдардын, күч органдарынын өкүлдөрү, кулчулукка кабылган жарандар катышат.
Долбоор Бириккен Улуттар Уюмунун Маңзат жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын адам сатууга жана мигранттарды өлкөгө мыйзамсыз алып кирүүгө каршы жаңы GLO.ACT аттуу глобалдык программасынын алкагында колдоого алынууда.
Расмий маалымат боюнча өткөн жылы Кыргызстанда 175 адам кулчулуктан куткарылган. Алардын тең жарымы кыз-келиндер. Адам сатуунун курмандыгы болгон жаш балдар да жок эмес. Бирок куткарылган адамдардын ичинен он чактысы гана укук тартибин коргоо органдарына кайрылып, бул иштер боюнча он кылмыш иши козголгон. (RK)