Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:58

БШК: Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын бузган жок


Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Борбордук шайлоо комиссиясы Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын бузган жок деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Боршайкомдун арыздарды териштирүү боюнча жумушчу тобунун башчысы Алмаз Асаналиев билдирди.

Анын белгилешинче, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер катары расмий каттала элек болгондуктан эл кыдырып, сөз сүйлөшү үгүт деп бааланбайт:

- Жээнбеков каттала элек. Мыйзамда ал катталгандан кийин өзүнүн кызмат ордун бошотуп берет деп жазылып турат. Ал киши азыр өзүнүн функционалдык кызматын аткарып жатат. ЖМКлар өкмөттүн жасаган иштерин гана чагылдырууда. "Мен кыйынмын, мени шайлагыла" деген чакырык жок. Мыйзам чегинде эле болуп жатат азырынча.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы Кыргызстан социал-демократтар партиясынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган болчу. Анда Жээнбеков кызмат абалынан пайдаланып жатканы белгиленип, маселени БШК жыйынында кароо талабы айтылган. Жарандык активисттер өкмөт башчынын жер-жерлерди кыдырып өзүнүн иши тууралуу кеңири маалымат беришин үгүт деп эсептеп, шайлоо мыйзамдары бузулууда деп сындашкан.

Сооронбай Жээнбековду КСДП 15-июлдагы курултайында президенттикке талапкер катары расмий көрсөткөн. БШК талапкерлерди каттоону 15-августтан кийин баштайт.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (RK/КЕ)

XS
SM
MD
LG