Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Шайлоо-2017: БШК Текебаев боюнча арызды териштирүүдө


Борбордук шайлоо комиссиясы “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин президенттик шайлоого талапкер катары көрсөтүлүшүнүн мыйзамдуулугу боюнча арызга жооп бере элек. Бул арыз териштирилип, материалдар каралып жатканын бүгүн "Азаттык" радиосуна Боршайкомдун мүчөсү Алмаз Асаналиев билдирди.

У.Исиев аттуу жаран арызданып жатканы тууралуу кабар БШКнын сайтына чыккан. Ал "Ата Мекен" фракция катчылыгынын кызматкерлери Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиздин аракеттерин да карап, мыйзам чегинде чара көрүү өтүнүчүн келтирген.

Канатбек Азиз бул арыз тууралуу маалыматы бар экенин, ал атайын уюштурулган болушу ыктымалдыгын "Азаттык" радиосуна билдирип, "бизди БШКга келбей калсын деген эле аракет болуп жатат" деп айткан.

"Ата Мекендин" юристтери партия лидери Өмүрбек Текебаевдин өзүн өзү көрсөтүү жолу менен президенттик жарышка катышуу тууралуу арызын Борбордук шайлоо комиссиясына 18-июнда экинчи болуп тапшырышкан.

Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов 2010-жылы Убактылуу өкмөттө мүчө болуп турганда орусиялык ишкерлерден “Мегаком” боюнча бир миллион доллар пара алган деп айыпталууда. Бул айыпты эки саясатчы тең четке кагууда. (RK/КЕ)

XS
SM
MD
LG