Линктер

шаршемби, 13-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 23:02

Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодон кийин премьер-министрлик кызматка дайындалуу үчүн шайлоого катышуудан баш тартат деген сөздөр чындыкка жатпайт. Бул тууралуу ал өзү бүгүн журналисттерге билдирди.

Бабанов ошондой эле кимдир бирөө менен тандемге бара турган планы жок экенин, шайлоого аягына чейин катышарын айтып, "имиштерди атаандаштарым таратып жатат, мага карата кара пиар күчөдү" деп кошумчалады. Ал эл алдында уяла турган иши жок экенин, административдик ресурс колдонулбашы үчүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков талапкер катары катталгандан кийин ишин тапшырышы керектигин, апасынын улуту тууралуу маселени көтөргөндөргө нааразы экенин айтты.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. Талапкер болуп катталам деп Боршайкомго арыз бергендердин саны 50гө чамалады.

Өмүрбек Бабанов "Республика" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештеги "Республика Ата-Журт" фракциясын жетектейт. Ал өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызын БШКга тапшырган, кечээ кыргыз тил боюнча сынактан өттү. (UE/RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG