Линктер

шаршемби, 17-январь, 2018 Бишкек убактысы 11:07

Жалал-Абад облусунда Сузак районунун жаңы дайындалган акими Эрмекбай Омошев бүгүн жергиликтүү жамаатка тааныштырылды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун райондун жаңы башчысын дайындоо жөнүндөгү буйругу менен өкмөттүн облустагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев тааныштырды.

44 жаштагы Омошев буга чейин жогорку окуу жайда окутуучу, дыйкан чарбада жетекчи жана айылдык, райондук кеңештин депутаты болуп иштеген.

Мурдагы аким Абдумуктар Маматов ден соолугуна байланыштуу 10 күндөн бери ооруканада жатканын жана өз каалоосу менен жумуштан бошогонун “Азаттык” радиосуна билдирди. Ошондой эле ал башка кызматка барарын да кошумчалады.

Буга чейин Абдумуктар Маматовго облустук прокуратура мурунку жумушуна байланыштуу шалаакылык боюнча кылмыш иш козгоп, жакында облустук соттун чечими менен ал "кылмыштын курамы жок жана мөөнөтү өтүп кетти" деген негизде жазадан бошотулган. (RsK)

XS
SM
MD
LG