Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:14

Грузияда АКШнын катышуусунда ири аскерий машыгуу башталды


Эки жумалык машыгууга америкалык 1600 жана грузиялык 800 жоокер катышууда.
Эки жумалык машыгууга америкалык 1600 жана грузиялык 800 жоокер катышууда.

Грузияда АКШ жана дагы алты мамлекеттин аскерлери катышкан ири машыгуу башталды. Грузин премьер-министри Гиоргий Квирикашвилинин 30-июлда билдиргенине караганда, бул иш-чара НАТОго мүчө болуп кошулуу багытындагы олуттуу кадам. "Машыгуу Грузияга НАТОнун стандарттарына жакындоо мүмкүнчүлүгүн берет жана региондогу стабилдүүлүктү бекемдөөгө салым кошот" - деди Вазиани чөлкөмүндө өткөн салтанатта өкмөт башчы.

2008-жылы Бухарестте өткөн саммитте Түндүк альянстын лидерлери Грузия НАТОго кабыл алынат деп расмий убада беришкен, бирок Москванын каршылыгынан улам бул жараян жай жүрүүдө. Эки жумалык машыгууга америкалык 1600 жана грузиялык 800 жоокер катышууда. Андан тышкары Британия, Германия, Түркия, Украина, Словения жана Армениядан аскерлер келген.

XS
SM
MD
LG