Жалал-Абад облусунда бир топ райондук милиция жетекчилери алмашты. Беш айдан бери жетекчиси жок иштеп келе жаткан шаардык ички иштер башкармалыгына Ала-Бука райондук милиция башчысы Эрнист Молдокеев убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” билдиришти.
Ал эми Кара-Көл шаардык ИИБ башчысы Калык Айтбаев кызматынан алынып, анын ордуна Токтогул райондук ИИБ башчысы Рысбек Аширалиев дайындалды.
Токтогулга Ош шаардык милициясында кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген Замир Осмонов барды.
Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө башчы ишкерлерди опузалаган жана кол астындагылардан акча жыйнаган деген негизде жумуштан четтетилген болчу, ал жерде жетекчи дайындала элек. (RsK)