Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Пакистан парламенти эртең өкмөт башчыны шайлайт


Наваз Шариф Жогорку Соттун буйругунан кийин премьер-министрлик кызматынан кеткен.
Наваз Шариф Жогорку Соттун буйругунан кийин премьер-министрлик кызматынан кеткен.

Пакистан парламенти 1-августта жаңы премьер-министрди шайлоо үчүн чогулмакчы. 28-июлда өкмөт башчы Наваз Шариф Жогорку Соттун буйругунан кийин кызматынан кеткен. Сот Шарифти Панама документтеринин негизинде коррупцияга малынган деп тапкан. Ал өзү болсо айыптарды четке кагууда.

Шарифтин жетектөөсүндөгү "Пакистандын Мусулмандар Лигасы" партиясы парламентте көпчүлүктү түзөт. Алардын атынан премьерликке мурдагы мунай министри Шахид Хакан Аббаси аттанууда. Оппозиция да өз талапкерин сунуш кылмакчы. Шариф Аббасини убактылуу премьерликке сунуш кылган. Андан кийин бир тууганы Шахбаз Шариф Наваздын парламенттеги бошогон ордуна ат салыша алат.

XS
SM
MD
LG