Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Текебаев менен Чотоновдун тарапкерлери ачкачылык жарыялашты


Ачкачылык акциясы
Ачкачылык акциясы

Бишкекте Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун тарапкерлери ачкачылык кармай башташты. "Ата Мекен" партиясынын штабында башталган акцияга азыр төрт адам катышууда.

Алар бийликке, президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, "Саясий куугунтукту токтоткула!" деген талапты коюуда.

- Сот, БШК, бийлик тараптан биздин лидерибизге ар түрдүү бут тосуулар болуп жатат. Ошондой эле анын жүз миңдеген шайлоочуларынын да укугу бузулууда, - дейт ачкачылык кармагандардын бири, партия мүчөсү Айбек Султанкулов.

Тарапкерлердин бири Жакшылык Бердибек уулу өзүнүн Фейсбук баракчасына: "Өмүрбек Текебаевдин күнөөсүн аныктай албай жатып ага кылмыш үстүнөн кармалган адамдай мамиле кылышууда. Текебаевдин адамдык укугун болуп көрбөгөндөй тебелешти. Мындай ыпластыка кыргыз жана эл аралык коомчулуктун көңүл буруусу үчүн ачкалчылык жарыялоого аргасыз болуп жатышат" деп жазды.

Беш айдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жаранынан ири суммада пара алган деп айыпталууда.

Текебаевдин тарапкерлери ага карата козголгон ишти саясий куугунтук деп атап келет.

Ишти козгогон Башкы прокуратура саясатка аралашпай турганын билдирип келет. 6-апрелде парламентте сүйлөп жатып Башкы прокурор Индира Жолдубаева прокуратура мыйзам чегинде иштээрин, кылмыш иш аныкталган маалыматтардын негизинде козголоорун айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG