Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:10

Дааратканага ташталган ымыркайдын абалы оор


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкекте дааратканада төрөп, ымыркайды ошол жерге таштап качып кетти деп шектелген аял изделүүдө. Бишкек милициясынын пресс-катчысы Адыл Оморовдун маалыматына караганда, окуя бүгүн Арча-Бешик жаңы конушунда болгон:

- Азыр Ленин РИИБ ыкчам тобу иш алып барууда. Тегеректегилерди сураштырсак, кош бойлуу келиндер жок болчу экен ал жерде.

Ымыркай кызды кошуналар алып чыгып, доктурларга өткөрүп беришкен. Ал азыр №3 балдар ооруканасынын реанимациясында жатат. Абалы оор. Салмагы 3,4 кг.

Ушундай эле окуя Бишкекте бир нече жыл мурда кышында болгон. Аман калган ымыркайды кийин башкалар асырап алышкан. Энеси кармалып, жоопко тартылган. (RK)

XS
SM
MD
LG