Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

Мамдепартамент: Путиндин дипломаттардын санын кыскартуу талабы өкүнүчтүү


АКШнын Мамлекеттик департаменти президент Владимир Путиндин Орусиядагы америкалык дипломаттардын санын кыскартуу талабын "өкүнүчтүү жана негизсиз" деп атады. “Биз мындай чектөөнүн кесепеттерин жана ыктымал жоопту караштырып жатабыз”, - деп билдирди америкалык тышкы мекеме 30-июлда.

Путиндин бул талабы АКШ Конгрессинин Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү планынан келип чыккан араздашуу күчөп жаткан маалга туш келди.

Президент Путин жергиликтүү телеканалга интервьюсунда учурда Орусияда миңден ашуун АКШ дипломаттары жана башка кызматкерлер иштеп жатканын айтып, “755и ишин токтотууга тийиш” деген.

Вашингтон менен Москванын өз ара мамилелери Орусиянын Украинадагы агрессиясы, Сирия согушундагы ролу жана АКШдагы президенттик шайлоого ыктымал аралашуусунан улам курчуп кеткен.

XS
SM
MD
LG