Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 08:39

Венесуэла президенти Николас Мадуро карама-каршылыктуу Конституциялык ассамблеяга шайлоону кубаттады. Баш мыйзамды жазуу органына шайлоо жекшембиде өткөн. Шайлоо комиссиясы өнөктүккө добуш берүүчүлөрдүн 41,5 проценти катышканын жарыялагандан кийин солчул президент Каракаста чогулган тарапкерлерине кайрылды. Бирок шайлоону бойкоттоого үндөп келген оппозиция элдин катышуусу мындан эки эсе аз болгонун айтууда. Добуш берүү зордук-зомбулук менен коштолуп, кеминде 10 киши каза тапты.

Мадуро ассамблеянын түзүлүшү “күрөштүн жаңы доордогу барагын ачат” деп айтса, оппозициялык партиялар президент муну менен Конгрессти таркатып жиберүүнү, эмки шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну жана өз бийлигин бекемдөөнү көздөйт дешет.

Бир нече айдан бери уланып келаткан тирешүү экономикалык кризиске баткан өлкөдө 120 чакты кишинин өмүрүн алып кетти.

Ал тапта АКШ президенти Дональд Трамп Венесуэлага каршы экономикалык санкция киргизүүнү караштырып жатканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG