Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 09:13

Футбол: Рустамов Түркиянын "Күтахяспору" менен бир жылдык келишимге кол койду


Турсунали Рустамов

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Турсунали Рустамов Түркиянын "Күтахяспор" футбол командасы (төртүнчү дивизион) менен бир жылдык келишимге кол койду. Бул тууралуу футбол командасынын расмий сайтында жазылды.

"Күтахяспордо" чет элдиктерден кыргызстандык футболчудан тышкары нигериялык спортчу бар.

27 жаштагы Турсунали Рустамов Тажикстандын "Худжант" жана Кыргызстандын "Алга", Дордой, "Алай" командаларында ойногон. Ал бул сезондо Түркиянын "Серик Беледийеспор" командасында ойногон кыргызстандык футболчу Мирлан Мурзаев менен бир лигада ойнойт. (ElB)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG