АКШ президенти Дональд Трамп жана Жапониянын премьер-министри Синзо Абэ Түндүк Кореянын тыюу салынган ракета программасын “олуттуу жана улам өсүп бараткан коркунуч” деп сыпатташты.
Ак үйдүн маалыматы боюнча 30-июлда телефон сүйлөшүүсүндө лидерлер соңку ракета сыноосунан кийин Пхеньянга дипломатиялык жана экономикалык кысым күчөтүлөөрүн билдиришти. Трамп менен Абэ “Түндүк Корея АКШ, Жапония, Түштүк Корея жана башка өлкөлөргө түздөн-түз коркунуч туудуруп жатат" деген орток пикирин айтышты. Ага чейин Абэ Токио коргонуу чараларын күч алдыраарын билдирген, америкалык президент болсо Жапонияны коргоо үчүн керектүү кадамдар жасалаарына сөз берген.
Ошол эле күнү АКШнын БУУдагы элчиси Пхеньяндын ракета сыноосу боюнча Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүгө муктаждык жок деп, буга чейинки резолюциялар чабал болгонун билдирген.