Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:57

ЕБ Венесуэладагы демократиянын тагдырына камтама


Бир нече айдан бери уланып келаткан тирешүү экономикалык кризисти баштан кечирип жаткан өлкөдө 120 чакты кишинин өмүрүн алып кетти.
Бир нече айдан бери уланып келаткан тирешүү экономикалык кризисти баштан кечирип жаткан өлкөдө 120 чакты кишинин өмүрүн алып кетти.

Европа биримдиги Венесуэладагы демократиянын келечегине тынчсыздануусун билдирди. Еврокомиссиянын маалымат катчысы Мина Андреева кечээки добуш берүү өлкөдөгү "бөлүнүп-жарылууну тереңдетти жана демократиялык жол менен шайланган институттарга көлөкө түшүрүүдө" деди.

Анын алдында Венесуэла президенти Николас Мадуро карама-каршылыктуу Конституциялык ассамблеяга шайлоону кубаттаган. Баш мыйзамды жазуу органына шайлоо жекшембиде өткөн. Шайлоо комиссиясы өнөктүккө добуш берүүчүлөрдүн 41,5 проценти катышканын жарыялагандан кийин солчул президент Каракаста чогулган тарапкерлерине кайрылды. Бирок шайлоону бойкоттоого үндөп келген оппозиция элдин катышуусу мындан эки эсе аз болгонун айтууда. Добуш берүү зордук-зомбулук менен коштолуп, кеминде 10 киши каза тапты.

Мадуро ассамблеянын түзүлүшү “жаңы доордун барагын ачат” деп айтса, оппозициялык партиялар президент муну менен Конгрессти таркатып жиберүүнү, эмки шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну жана өз бийлигин бекемдөөнү көздөйт дешет. Бир нече айдан бери уланып келаткан тирешүү экономикалык кризисти баштан кечирип жаткан өлкөдө 120 чакты кишинин өмүрүн алып кетти.

Ал тапта АКШ президенти Дональд Трамп Венесуэлага каршы экономикалык санкция киргизүүнү караштырып жатканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG