Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Франциялык белгилүү актриса Жанн Моро дүйнө салды


Жанн Моро. 2005-жыл
Жанн Моро. 2005-жыл

Парижде белгилүү актриса Жанн Моро 89 жаш курагында көз жумду. Франция президенти Эммануэл Макрон маркумдун жакындарына көңүл айтты. Моро өзүнүн узун карьерасында 130дан көп фильмге тартылган. Атагы өзгөчө Франсуа Трюффо, Луи Маль, Микеланжело Антониони жана Луис Бунюэлдин фильмдери аркылуу бүтүндөй дүйнөгө тараган. Моро Венеция, Берлин кинофестивалдарынын сыйлыктарына жана дүйнөлүк кино искусствого кошкон салымы үчүн Оскарга татыган.

XS
SM
MD
LG