Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:54

«Улуттук энергохолдинг» стратегиялык объектилердин катарына кирди


Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 31-июлда Коопсуздук кеңешинин “Стратегиялык объектилердин тизмесине сунуштар жөнүндөгү” чечимине кол койду.

Ага ылайык, “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ачык акционердик коому Кыргызстандын стратегиялык өзгөчө маанилүү объектилеринин катарына кошулду. Ал эми “Кыргызстан” авиакомпаниясы стратегиялык объектилердин тизмесинен чыгарылды. Муну менен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети менен Транспорт жана жолдор министрлигинин сунуштары колдоого алынган. Коопсуздук кеңеш 17-июлдагы отурумунда жогоркудай чечимге келгени белгилүү болду.

«Улуттук энергетикалык холдинг» ачык акционердик коому 2015-жылдын этегинде ишке кирген. Өкмөттүн чечими менен Энергетика жана өнөр жай министрлиги жоюлуп, энергетикалык компаниялар бул холдингге бириктирилген. Бул аракет аркылуу тармактагы коммерциялык жоготууларды азайтып, коррупцияны жеңүү аракети көрүлүп жатканы айтылган.(NT)

XS
SM
MD
LG