Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 09:25

Талас облусунун прокурору Нурбек Курманакунов ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Гүлмира Кашкарова дайындалды. Тиешелүү буйрукка Башкы прокурор Индира Жолдубаева кол койгонун "Азаттыкка" Талас облусунун прокурорунун улук жардамчысынын милдетин аткаруучу Куштарбек Абдишов билдирди.

Ал кошумчалагандай, прокурордун орун басары Бакыт Калыгул уулу да ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна азырынча эч ким дайындала элек.

Бир учурда эки кызматкердин иштен алынышынын себеби айтылган жок.

Гулмира Кашкарова буга чейин Баткен облусунун прокурорунун орун басары болуп эмгектенген. (AlS)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG