Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Текебаевдин тарапкерлеринин ачкачылык акциясы уланууда


Өмүрбек Текебаевдин жана аны менен кошо камалып жаткан Дүйшөнкул Чотоновдун тарапкерлеринин ачкачылык акциясы уланууда. "Ата Мекен" партиясынын кеңсесинде өтүп жаткан акцияга бүгүн дагы бир адам кошулуп, жалпысынан бешке жетти.

Алар бийликтен лидерлерине карата "саясий куугунтукту токтотууну" талап кылып жатышканын айтууда.

Беш айдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жаранынан ири суммада пара алган деп айыпталууда.

Ишти козгогон Башкы прокуратура саясатка аралашпай турганын билдирип келет. 6-апрелде парламентте сүйлөп жатып Башкы прокурор Индира Жолдубаева прокуратура мыйзам чегинде иштээрин, кылмыш иш аныкталган маалыматтардын негизинде козголоорун айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG