Линктер

шаршемби, 13-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:11

Жаңы ачылган "Өзбекстан 24" каналында маркум өзбек президенти Ислам Каримовдун саясаты биринчи жолу кескин сындалды. 30-июлда "Таҳлилнома" берүүсүнүн биринчи көрсөтүүсүндө тунгуч президент "өзүнүн үстөмдүгүн далилдегиси келип, лидерлик үчүн дайыма коңшу өлкөлөр менен атаандашып келген" делет. Андан ары Каримовдун бул саясаты көйгөйлөрдү чиелештирип, аны азыркы президент Шавкат Мирзиёев чечип атат деп баяндалат.

"Чынын айтканда, жылдап чиеленишкен чек ара көйгөйү бири-бирине талап коюу же үстөмдүктү баса белгилөө менен эмес, жакшы сөз жана күнү-түнү жүргөн үзгүлтүксүз иш менен чечилди" деди алып баруучу.

Андан тышкары берүүнүн катышуучулары өлкөдөгү тышкы саясаттан тарта экономика, социалдык маселелер, диний жана айыл чарба тармагындагы абалды талдашып, Каримов башкарган учурдагы каталарды сындашат.

Берүүдө Ислам Каримовдун ысымы аталбаганы менен сөздөр анын дарегине айтылып жатканы айкын баамдалат. Каримов өлкөнү башкарып турганда да, өлгөндөн ушул убакка чейин да анын ишмердиги сынга алынган эмес.

"Өзбекстан 24" телеканалы быйыл 24-июлда Шавкат Мирзиёевдин туулган күнүндө ачылган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG