Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:17

Ошто эки жылдан бери кулчулукта жүрөт деген үй-бүлөнүн окуясы териштирилүүдө


Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы эки жылдан бери кулчулукта жүрөт деген үй-бүлөнүн окуясын териштире баштады.

Алай районунан келген үй-бүлө мүчөлөрү Ош шаарынын четиндеги Дача деген кыштакта паспортторун кожоюнуна алдырып коюп, эки жылдан бери кулчулукта жүргөнүн бүгүн "Азаттык" радиосуна өздөрү ырасташты. Кабарчыбыз аларга жолугуп, апасынан башка үч баласы мектепке барбай, тамга тааныбай калганын байкаган.

Учурда бул үй-бүлө менен акыйкатчынын Оштогу өкүлчүлүгү иштеп жатат.

Расмий маалымат боюнча өткөн жылы Кыргызстанда 175 адам кулчулуктан куткарылган. Алардын тең жарымы кыз-келиндер. Адам сатуунун курмандыгыболгон жаш балдар да жок эмес. Бирок куткарылган адамдардын ичинен он чактысы гана укук тартибин коргоо органдарына кайрылып, бул иштер боюнча он кылмыш иши козголгон. (YI)

XS
SM
MD
LG