Филиппин аралдары Азия Тынч океан чөлкөмүндө ВИЧ/СПИД абдан тез таркаган өлкө болуп таанылды.
2016-жылдын декабрында 10 500 филиппиндик бул жугуштуу ооруга чалдыккан.
2017-жылдын май айына чейин дагы 1 098 кишиге жаңы диагноз коюлду.
Өлкөдө алгачкы ВИЧ/СПИД оорулуусу 1984-жылы катталган.
Ооруга чалдыккандардын 83 пайызы эркектер болууда. Алардын көбү кумсалар жана баңгилер.
"ВИЧ-СПИД статусу 15 жаштан 24 жашка чейинки жаш жигиттерге берилүүдө" деп кабарлайт Рейтерс агенттиги. (BCh)