Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Криштиану Роналду сотто көрсөтмө берүүдө


Криштиану Роналду
Криштиану Роналду

Португалия футбол курамасы менен мадриддик "Реалдын" чабуулчусу Криштиану Роналду дүйшөмбүдө Испаниядагы сотто көрсөтмө берди.

Роналду 2011-2014-жылдары өзүнүн сүрөттөрүн сатуудан түшкөн каражаттан салык төлөбөй койгон, муну менен ал 14,7 млн евро салыктан качкан деп айыпталууда. Футболчу аны четке кагып келет.

Эгер күнөөсү далилдене турган болсо 28 млн еврого чейин айыппулга жыгылышы же 3,5 жылга эркинен ажыратылышы ыктымал.

Дал ушундай эле айып менен мурда дагы бир атактуу футболчу Лионель Месси 21 айга шарттуу кесилген.

XS
SM
MD
LG