Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:22

Казакстан Египетке нота жөнөттү


Ануар Жайнаков.
Ануар Жайнаков.

Казакстандын тышкы иштер министрлиги Каирде кармалган студенттер боюнча маалымат берүүнү талап кылып Египетке нота жөнөттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат катчысы Ануар Жайнаков билдирди.

"Каирде Казакстандын алты жараны жоголгонуна он эки күн болду. Алар 20-июлга оогон түнү Египеттин атайын кызматы тарабынан кармалганы тууралуу ынанымдуу маалыматыбыз бар. Бирок биз алигиче египеттиктерден кармоонун чоо-жайы, себептери жана биздин жарандардын азыр каерде экени тууралуу расмий билдирүү ала элекпиз" деди Жайнаков.

Катчы эки тараптын тиешелүү жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү натыйжа бербегенин кошумчалады.

Египетте алты казакстандык кармалганы 25-июлда белгилүү болгон. Алардын экөө 11-июлда тил курсуна барышканы, берки төртөө менен бир батирде жашай башташканы маалымдалат. Бул казак жарандары 20-июлдан тарта туугандары менен байланышпай калышкан.

XS
SM
MD
LG