Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:07

Бишкекте митинг-пикеттерге үч айлык чектөө киргизилди


Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан майрамдык иш-чараны милиция кайтарууда

Бишкектин адатта түрдүү саясий акциялар өтүүчү жерлеринде митинг-пикеттерди уюштурууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 27-июлдан 20-октябрга чейин Ала-Тоо аянтында, Ак үй, Өкмөт үйү жана Боршайкомдун алдында расмий маданий-массалык иш-чаралардан башка акцияларды, жыйындарды өткөрүүгө уруксат жок. Буга Биринчи Май райондук акимчилигинин сотко кайрылуусу негиз болгон. Анда "дүйнөдө диний-экстремисттик көрүнүштөр көбөйгөнү, көп адамдын үн катуулаткычтарды колдонуу менен чогулушу тургундардын, айрыкча улгайгандардын нааразылыгын жаратып, шаардын жашоосунун туруктуулугун бузуп жатканы" айтылат.

Буга чейин ушундай эле чектөө Биринчи Май райондук сотунун тегерегиндеги аянт боюнча киргизилгени кабарланган.

Бишкектин маалымат кызматынын өкүлү Калперизат Айдарбекова:

- Биринчи Май райондук сотунун имаратынын жанында жашаган тургундардан акимиатка көптөгөн арыздар келип түшкөн. Себеби ар кандай нааразылык акциялары өтүп, элге тынчтык берилбей, кээде тез жардам унаасы да өтө албай калган учурлар болгон, - деп "Азаттыкка" билдирген.

Бул күндөрү аталган сотто оппозициялык саясатчылар, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, экс-министр Дүйшөнкул Чотонов, экс-депутат Садыр Жапаровдун соттук жараяндары өтүп, көпчүлүгү алардын тарапкерлеринин нааразылык акциялары менен коштолууда.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Мамлекет башчынын кызматына ат салышуу ниетин 59 жаран билдирди. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG