Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:00

Москва облустук сотундагы атышуудан үч киши өлдү


Москва облустук сотундагы атышуу учурунда соттолуп жаткан тогуз кишинин үчөө жок кылынды. Дагы экөө жарадар. Андан тышкары сот аткаруучу жана күзөтчү жараланып, кеңседеги адамдар сыртка чыгарылган. Бул тууралуу Орусия ички иштер министрлиги билдирди.

Окуя, маалымат каражаттарында жазылганга караганда, "Банда ГТА" деп аталган топтун иши боюнча сот өтүп жатканда болгон. "Интерфакс" айыпталуучулар коштоп бараткан күзөтчүлөргө кол салган деп жазууда. Атышуу ушундан кийин болгон.

2012-2014-жылдары Орусиядагы Дон федералдык трассасында 17 адам өлтүрүлүп, экөө жарадар болушкан. Кылмыш ГТА аттуу компьютердик оюндун тапшырмасына окшош болгондуктан медиада "Банда ГТА" деп аталып кеткен.

Соттолуп жаткандар диний радикал топко тиешеси бар борборазиялыктар делет.

XS
SM
MD
LG