Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Тиллерсон Лавров менен жолугууну көздөп жатат


АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.
АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон 5-6-августта Манилада Орусиянын тышкы иштер министр Сергей Лавров менен жолугушууну максат кылып жатканын билдирди.

Тиллерсон 1-августтагы билдирүүсүндө АКШ менен Орусиянын мамилеси "бир далай стрессти баштан кечирүүнү улантып жатканын” айтты. Ошол эле кезде Вашингтон Москва менен Сириядагы абалды жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөргө шарт түзүүгө аракет көрүп жатканын кошумчалады.

Тиллерсондун айтымында, Вашингтон мурдагыдай эле президент Башар Асаддын келечеги жок жана ага жардам берген ирандык аскерлер үйлөрүнө кайтышы керек деген позицияда. АКШнын жаңы санкцияларына жооп иретинде Кремл Орусиядагы америкалык дипломаттардын санын кескин кыскартканына карабай, Кошмо Штаттар менен Орусия мурдагыдай эле террорчулук менен бирге күрөшүүгө кызыкдар.

АКШнын мамлекеттик департаменти маалымдагандай, Тиллерсон 5-августта Түштүк-Чыгыш Азияга сапарын баштайт. Анын жүрүшүндө, Таиланд менен Малайзияга барат.

XS
SM
MD
LG