Кытай Корей жарым аралындагы абалдын курчуп кеткендиги үчүн жоопкерчилик расмий Бээжинде эмес, Вашингтон менен Пхеньянда деп эсептейт. Бул тууралуу Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Лю Цзеи билдиргенин Reuters агенттиги жазды.
Лю Цзеи жалгыз Кытайдын аракети дээрлик натыйжа бербей турганын, себеби аймактагы кырдаалды жөнгө салуу АКШ менен Түндүк Кореядан да көз каранды экенин билдирди. Дипломаттын айтымында, Вашингтон менен Пхеньян Корей жарым аралындагы кырдаалдын курчушуна жана сүйлөшүүлөргө болгон көңүл коштук үчүн жооптуу.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп расмий Пхеньяндын негизги экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болгон Кытайды Түндүк Кореядагы өзөктүк сыноолорду токтотууга жардам бербей жатат деп сындаган.