Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 14:22

Бишкекте дүйнөлүк окуялардагы коммуникациянын ролу талкууланууда


Борбор Азиядагы Америка университети

Коммуникация боюнча эл аралык ассоциация Бишкекте конференция уюштурууда. Борбор Азиядагы Америка университетинин базасында бүгүн башталып жаткан бул эл аралык иш-чара жуманын аягында жыйынтыкталат.

Ага коммуникация, журналистика жана жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча 100гө жакын адис катышууда.

Талкуулана турган тема «Дүйнөлүк чыр-чатактар жана кырсыктар: коммуникация, маданият жана чечүү жолдору» деп аталат.

Уюштуруучулардын айтымында, бул маселеге арналган мындай масштабдуу академиялык иш-чара Бишкекте биринчи жолу уюштурулуп жатат.

"Буга чейин Коммуникация ассоциациясынын конференциялары өнүккөн мамлекеттерде уюштурулуп келген. Кыргызстан жана Америка университети жаңы позиция баштоодо. Бул биздин аймак үчүн интеллектуалдык өнүгүүгө салым кошуу үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк" дейт университеттин кафедра башчысы Элира Турдубаева.

Ассоциацияга Түштүк Америка, Европа, Африка жана Азиянын көптөгөн мамлекеттери мүчө. (RK)

XS
SM
MD
LG