Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Бакаев: Мени коркуткандар УКМК эмес, Юсупов тараптан болууда


Нургазы Бакаев
Нургазы Бакаев

"Ата Мекен" партиясынын жоголуп, ур-токмокко кабылды деген мүчөсү Нургазы Бакаев аны эч ким катуу сабабаганын айтууда. Бул тууралуу ал өзү бүгүн "Азаттык" радиосуна билдирди жана кармап кеткендер УКМК эмес, Абдулла Юсуповдун адамдары болушу ыктымал деген пикирин айтты:

- Мындан 15 күн мурда да "Жибек Жолу" кафесинен кармап алып "Райкан Төлөгөновдун сотунда күбө болбошуң керек" деп УКМКнын атын сатып, жымсалдап коркутуп-үркүтүүлөр болгон. 31-июлда УКМКданбыз деп кармап, дача жакка алып барышты. Менимче, бул бийлик тараптан да эмес, УКМКдан да эмес, Юсупов тараптан коркутуу болду.

Бакаев эч жакка арызданбаганын, азыр алыста иштери менен жүргөнүн, эки күндөн кийин Бишкекке келгенде пресс-конференция берерин айтты.

Ал жоголгону 1-августта белгилүү болгон. Бүгүн партиянын мүчөсү Асия Сасыкбаева Бакаев аябай сабалганын жана буга атайын кызматтын же милициянын тиешеси бар болушу мүмкүндүгүн билдирген.

Бакаев Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан мурдагы депутат Райкан Төлөгөновду айыптагандарга каршы көрсөтмө берип келаткан.

Төлөгөнов 2010-жылкы мародерчулук боюнча Абдулла Юсупов деген жарандын көрсөтмөсүнүн негизинде айыпталып, быйыл март айынын этегинде камакка алынган. Азыр анын соту жүрүүдө, өзү УКМКнын тергөө абагында.

Бакаев боюнча Ички иштер министрлиги азырынча комментарий бере элек.

Ал эми Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулайманов "Азаттыкка":

- Эгер адам жок болсо анда ИИМге кайрылышсын. Адам жоголгон фактыга биздин кандай тиешебиз бар? - деп 1-августта билдирген. (YrU/RK)

XS
SM
MD
LG