Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

Египет алты казак студентти депортациялоону чечти


Египетте кармалган студенттер
Египетте кармалган студенттер

Египет бийлиги Каирде кармалган казакстандык алты студентти мекенине депортациялоону чечти. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ануар Жайнаков студенттер Каирдин эл аралык аэропортуна алып келингенин, аларды казак элчилигинин өкүлдөрү коштоп жүргөнүн 2-августта кабарлады. Ал Фейсбуктагы билдирүүсүндө Египет казак студенттерин эмне үчүн кармаганы азырынча так белгисиз экенин кошумчалады.

Каирде араб тилин окуп, бир батирде чогуу жашап жаткан алты студент 19-июлда кармалган. Казак бийлиги бул студенттердин экстремисттик топторго тиешеси жоктугун билдирген. 1-августта Казакстан Египетке нота жөнөтүп, студенттерди кармоонун себептерин түшүндүрүүнү талап кылган.

XS
SM
MD
LG