Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:30

Македония менен Болгария достук келишимине кол койду


Македон өкмөт башчысы Зоран Заев жана Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов

Македония менен Болгария узак жылдарга созулган карама-каршылыкты токтотуу үчүн 1-августта достук келишимине кол коюшту. Бул келишим Македониянын Европа Биримдигине мүчө болуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатты.

Македон өкмөт башчысы Зоран Заев Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов менен Скопьеде келишимге кол койгондон кийин бул макулдашуу эки өлкө ортосундагы саясий туруктуулукка салым кошот деп айтты.

Диний, тарыхый жана лингвистикалык жактан бири-бирине жакын бул эки мамлекеттин алакасы көп жылдан бери аксап келет. Болгария Македониянын мамлекеттик тилин тааныбайт жана аны болгар тилинин бир диалекти катары эсептейт.

Чыгыштагы ири коңшусу менен мындай солгун мамиле Македониянын НАТОго жана Евробиримдикке кошулуу аракетине кедергисин тийгизип келген.

XS
SM
MD
LG