Ооганстандын Герат шаарындагы шиит мечитине жасалган чабуулдан мерт болгондордун саны 29га жетти. Шейшембидеги жанкечти жардыруусунан жана куралдуу кол салуудан 63 киши жаракат алды.
Расмий маалымат боюнча, окуя Гераттагы Жавадия мечитинин алдында 1-августтун кечинде болгон. Жанкечти өзүн жардыргандан көп өтпөй башка бир куралчан адам зыяратчыларга ок жаадыра баштаган.
Бул чабуулга азырынча эч бир тарап жоопкерчиликти ала элек. Талиптер ага тиешеси жоктугун билдирди.
Гераттагы бул кандуу окуядан бир күн мурда Кабулдагы Ирак элчилигине да кол салуу болуп, андан эки киши мерт кеткен. Элчиликтеги чабуулду "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу уюштурганын моюнга алган.