Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:58

Чочунбаева: "Оймо" фестивалы Чолпон-Атада куугунтукка кабылды


“Оймо” фестивалынын уюштуруучулары Чолпон-Ата шаарынын бийлигине нааразы болууда. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна фестивалдын башкы директору Динара Чочунбаева билдирип, сооданы эмес, маданий диалогду көздөгөн иш-чарага карата терс мамилеге таң калып жатканын айтты:

- Былтыр да, быйыл да болду. “Эмне кереги бар, башка жакка өткөргүлө, Караколго барбайсыңарбы” деп куугунтук жүрүүдө. Рахмат, вице-мэр келип ачып берди фестивалды. Бирок депутаттар “Бизге арызданып келип жатышат, силер акчаны көп алат экенсиңер, жергиликтүү элди киргизбей, алардын товарына атаандаш болуп жатыпсыңар” деп каршы болууда. Эмки жылы эми башка жакты издемей болуп жатабыз.

Кол өнөрчүлөрдү колдоого, улуттук маданиятты өнүктүрүүгө багытталган “Оймо” фестивалы быйыл Кыргызстанда 12-жыл уюштурулуп жатат. Ага республиканын бардык облустарынан жана кийинки жылдары чет мамлекеттерден да уздар келип өз чыгармачылыгын, өнөрүн тартуулоодо.

Чочунбаеванын айтымында, иш-чаранын ар бир катышуучусу бардык чыгымды өз чөнтөгүнөн төлөйт.

Адатта фестиваль Бишкекте башталып, Ысык-Көл жээгинде бир апта уланат. Кол өнөрчүлөр жасаган буюмдар каалоочуларга сатылат.

“Азаттык” бул маселе боюнча Чолпон-Ата шаарынын вице-мэри Алмаз Байгазиевге кайрылганда ал “Кыял” ишканасы да ушундай жарманке өткөрүп жүргөндүктөн алардын буюмдарын Бишкектен алып барып саткандар баа жагынан утулуп калып жатканын айтып, 2015-жылы шаардык кеңеш мындай иш-чараларга расмий тыюу салганын айтты:

- Биз "Оймого" каршы эмеспиз. Ошондой тыюу салган токтом бар. Түшүнбөстүктөр болгон. Бирок кечээ мэр менен, шаардык кеңештин төрагасы менен жолугушуу болуп, биз колдойбуз, болсун деп фестивалды ачтык. (RK)

XS
SM
MD
LG